Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Асылбек Жээнбековдун кызы: Атам жасаган иштерин эл көрсүн үчүн эмес, Кудай үчүн жасаган (фото)

03.06.2021 17:30
5451
Асылбек Жээнбековдун кызы: Атам жасаган иштерин эл көрсүн үчүн эмес, Кудай үчүн жасаган (фото)

Менин атам жасаган иштерин эл көрсүн үчүн жасаган эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун кызы билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Менин атам, менин баатырым, менин жашоомдогу идеалымдын мыйзамсыз  кармалганына үч күн өттү. Албетте, баарыңар ойлойсуңар, ар бир адам ата-энесин сүйөт жана аны улук көрөт деп, бул түшүнүктүү. Бирок 30 жылдык өмүрүмдө мен адамдарды жетиштүү эле билип калдым. Мага ушундай ата-энелерди берген Жаратканга ыраазымын. Жакындарыма мен аларды кандай жакшы көрөрүмдү, алар менен сыймыктанарымды көп айта бербейм.


Азыр менин боорукер, шайыр, акылман атам мага жетпей турат.  Аны менен телефон аркылуу чалып же "Вотсап" аркылуу жазыша албайм. Мен аны менен учурдагы маселелерди, акыркы окуяларды талкуулай албайс. Аны менен  тамактанып, аны бекем кучактай албайм. Бирок Кудай буйруса мен мунун баарын ишке ашырам, атам сөзсүз чыгат, анткени ал күнөөлүү эмес.Атам  бизге бардыгы Кудайдын каалоосу менен деп  үйрөтүп келген. Атамды коомчулуктун көзүнө өлкөнүн башкы "коррупционери",  "желмогузу" катары көрсөтүү үчүн душмандар көп акча, күч жана убакыт сарпташты. Алар ийгиликке жетишти. Ушул убакытка чейин атам өзүн-өзү мактоого  көңүл бурган жок. Дайыма Кудай бардык адамдардын адилеттүү иштерин, ойлорун көрүп турат, негизгиси Кудай алдында таза болуу керек деп айтат. Атам Кудайдын алдында таза",- деп билдирүү калтырган Асылбек Жээнбековдун кызы.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Болот Алибаевич
Асылбек Шарипович менен жеке тааныштык мамилем жок. Асылбек Шарипович узак мөөнөт спикерлик кызматты аркалады, ушул узак мөөнөттө, анча-мынча кызматтык катачылыктарга жол берип алышы мүмкүн эле, бирок Асылбек Шарипович, эч кандай катачылык кетирбей иштегенине толук ишенем. Эгерде эле, кандайдыр кичинекей эле катачылыкка жол берген болсо, ашанын шылтоо таппай турган кандектери үрө берип, үрө берип жер-сууну бузуп жибермек. А. Шарипович спикер болуп турган учурда, парламенттин абройу алда канча өйдө турган.
Дыканова Барчынай
Менин оюм аны жалгыз Асылбек озу Гана билет чындыкты деп ойлойм кантип иштегенин Эл бул агым Ким эмне десе ишенип кете берет
Мирба
Чыныгы эл уулу! Ойлонуп корсонорчу, Жээнбековтор эч качан власть талашып, башкаларды каралап интрига кылып келишкен эмес. Бир дагы далили жок каралап жатышат бул уй-булону. Биз тушунушубуз керек сатылган СМИлерге мал болуп бербей