Бүгүн, 24-июнда 24.kg маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында адвокат Давран Касымов Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековдун "Кумтөр" маселесин кароодогу аракетинде эч кандай кылмыштуулук жок экендигин айтты.
Анын айтымында, Кыргызстанга зыян алып келген Кумтөр боюнча келишимдерди түзүп жатканда Асылбек Жээнбеков спикер, башкача айтканда, парламент жыйындарынын модератору гана болгон жана ал бул документтерди иштеп чыгууга эч кандай тиешеси болгон эмес жана болушу мүмкүн да эмес болчу.
Адвокат Асылбек Жээнбековду кармоого эч кандай негиз жок болгонун, бул Конституцияны, анын депутат жана жаран катары укуктарын бузуу экендигин кошумчалады.
Эске салсак, А.Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча УКМК тарабынан 31-июлга чейин камакка алынган.
Пикирлер (8)