Асылбек Жээнбековду коргоо штабы эпидиомологиялык кырдаалга байланыштуу митингдерге чыкпоо чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу VB.KG`ге Кара-Кулжа районундагы штабдын өкүлдөрү кабарлашты.
Алардын айтымында Асылбек Жээнбековду коргоо штабы ишин уланта берет.
"Биз эл арасында 2012-жылы Жээнбеков спикер кезинде Кумтөр боюнча парламент кандай чечимдер кабыл алганын, парламент төрагасы катары Асылбек Шарипович мыйзам алкагында гана иш алып барганын түшүндүрүп жатабыз", - деп Кара-Кулжа районундагы штабдан билдиришти.
"Буга чейин митингдерди өткөрүп, анын бөгөт чарасы өзгөрбөсө, акцияларыбызды Ош, Бишкек шаарларында улантабыз деп билдиргенбиз. Бирок, азыр эпидиомологиялык кырдаалга байланыштуу биз жарандарды топтобой турууну чечтик", - дейт Жээнбековдун колдоочулары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн