Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Асылбек Жээнбековдун жактоочулары шаардык сотко депутаттын кармалышы боюнча аппеляциялык арыз менен кайрылды

04.06.2021 18:14
1364
Асылбек Жээнбековдун жактоочулары шаардык сотко депутаттын кармалышы боюнча аппеляциялык арыз менен кайрылды


Депутат Асылбек Жээнбековдун адвокаттары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Т.Бекеновдун 2021-жылдын 31-майындагы токтомуна карата Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар иштери боюнча соттук коллегиясына апелляциялык арыз беришти. Бул тууралуу Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов билдирди.


Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Т.Бекеновдун токтому менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү канааттандырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шариповичке карата 2021-жылдын 31-июлуна чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.


Коргоо тараптын пикири боюнча, бул чечим Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясын жана жазык-процесстик мыйзамдарды одоно бузуу менен, шектүү деп табуунун негиздүүлүгү текшерилбестен кабыл алынган. 


"Буга байланыштуу биз Асылбек Жээнбековго карата 2021-жылдын 31-июлуна чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу боюнча Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Т.Бекеновдун токтомун жокко чыгарууну өтүнөбүз. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартып, Жээнбековго карата бөгөт коюу чарасын Кумтөр боюнча ишти ийне-жибине чейин иликтегенге чейин эркиндикти чектебеген бөгөт коюу чарасын колдонууну суранабыз", - деп билдирди адвокат Касымов.


“Асылбек Жээнбековду кармоо боюнча бүтүндөй процесс толугу менен антиконституциялык болуп эсептелет, анткени Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясынын 78-беренесинин талаптарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты анын депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан пикирлери үчүн же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынбашы керек”, - деп баса белгиледи адвокат. 


Белгилүү болгондой, жаңы Конституция боюнча, депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу анын кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурлардан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана ишке ашырылат.


“Ошону менен бирге белгилей кетсек, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулганда, тергөө судьясы, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында судья чечим чыгарууда таянып негизделген конкреттүү, фактылык жагдайлар көрсөтүлүшү керек. Сот отурумунун жүрүшүндө текшерилбеген маалыматтар мындай жагдайларга кирбейт. Бирок сотко берилген материалдарда мындай бөгөт коюу чарасын колдонууга негиз боло турчу фактылык жагдайлар жок”, - деп баса белгиледи адвокат.


Ал Жээнбековдо тергөө органдарынан жашырынуу, же тергөөгө тоскоол кылууга негиздери жок экенин билдирди. “Биздин корголуучубуз алгачкы жолу чакырганда эле келип, тергөө органдарынан качкан эмес, тергөөгө кандайдыр бир тоскоол жараткан эмес, туруктуу жашаган жери бар”, - деп белгиледи адвокат Д.Касымов. 


Мындан тышкары, ал кошумчалагандай, соттук кароонун жүрүшүндө тергөөчү, прокурор тарабынан А.Жээнбеков атайылап кылмыш кылганын тастыктаган жетиштүү далилдери келтирилген эмес.


“Асылбек Шарпиович үч жолу өлкө парламентинин депутаты болуп шайланган, 4 жылдан ашуун парламент спикери болгон. Өзүнүн ишенимдүү шайлоочулары, көп сандагы тарапташтары бар. Өз депутаттык ишмердигинде кыргызстандыктарга колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча бир топ долбоорлорду ишке ашырган. Бул факторлор дагы биздин апелляциялык арызды кароодо мааниге ээ деп эсептейбиз”, - деп жыйынтыктады Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Токтобердиев Талайбек А.
Эң туура сөз, 💯% колдоймун, уголовно-процессуалдык Кодекс менен депутаттын укугун коргогон Мыйзамдардын талаптары өтө одоно түрдө бузулган. Асылбек Жээнбеков таза инсан, бузукулар каралап көө жаба албай жаман айлалары кетишти да. Асылбек Жээнбековго-ббоштондук!!!
Nurzaman
Албетте туура эмес Асылбек Шариповичти жон эле жаман аттуу кылганы жатышат анткени куздо Боло турган шайлоого катыштырбай Кучтуу Инсандарды кысымга алууда
Токтобердиев Талайбек А.
💯% 👍👍👍👍👍👍👍