Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Аскар Акаев: “1998-жылы Дастан Сарыгулов өз билемдик менен жашыруун түрдө өзү эле “Кумтөрдү” бардык салыктардан толук бошотуп салган”

18.06.2021 22:32
2720
Аскар Акаев: “1998-жылы Дастан Сарыгулов өз билемдик менен жашыруун түрдө өзү эле “Кумтөрдү” бардык салыктардан толук бошотуп салган”


— Аскар Акаевич, жана чай үстүндө отурган кезде премьер-министр болгон Танаев туурасында айтып кеттиңиз. Ал сиз айткандай эле таза жетекчи беле?


— Эми азыркылар четинен эле сындап жатышпайбы. Иш болгон жерде кемчилик болот. Ал эми Танаев абдан таза иштеген киши. Мен Танаев менен таанышкан күндөн баштап, Танаев туурасында жаман сөз уккан жокмун. Азыркы тил менен айтканда, Ош шаарынын шаар башчысы, мэр болуп иштеди.


Кыргызстандагы чоң курулуштарды башкарып келди. 1989-жылы Макмал алтын кенин да ошол киши курган. Башка дагы чоң курулуштарды куруп келген. Ошолордун эсебинен министр болуп келген эле. “Макмал” алтын кенин курганы үчүн “Кумтөрдү” да Танаевге тапшырганбыз. Ал кишинин дагы бир жакшы эмгеги бар, аны да айтып берем.


— Сиз мактагандай Танаевдин көзгө толумдуу кайсы иши бар эле?


— Улуттук валютабыз сомдун киришине Танаевдин эмгеги бар экенин кыргыз эли биле бербейт.


— Эгер жашыруун болбосо, Танаевдин кыргыз сомуна кандай эмгеги бар экенин айтып берсеңиз?


— Ошентип, Танаев менен 1992-жылы таанышканмын. Кийин ал Танаев өкмөт башчысы, премьер-министр болуп калды. Ал киши “Мага “Кумтөр” кайрылып жатат, эмне кылабыз?” — ​деп калды. Комиссия түзүп, Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайыктап, чечим кабыл алгыла дедим. Танаев комиссия түздү. Көрүнүктүү депутаттар, алардын арасында албетте Акылбек Жапаров да бар эле. Акылбек Жапаров бюджет комитетинин мүчөсү катары ключевой комиссиянын мүчөсү экен. Кийин Акылбек Жапаров: “бул кен казууда бай тажрыйбасы бар компания экен” — ​деп Торонтого барып алып мактагандардын бири болгон. “Эки тарапка тең ылайыктуу келишим” — ​деген. Мен эч качан ага окшоп Торонтого барган эмесмин. Мен Оттава шаарына барып, Канада өкмөтү менен жолукканы, маселе чечкени барган адаммын.


— Аскар Акаевич, сиздин балаңыз Айдар Акаев Канаданын Торонто шаарына барганын, ошол эле Акылбек Жапаров айтса керек…


— Эгер Акылбек Жапаров айтса, анда калп айтат. Менин балам эч качан алтынга жологон эмес. Ал Торонтого да барган эмес. Башка жагында болгон, мен аны өзүнчө айтып берем… Мен кече окудум, Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун кара мышыгы болбодубу. Ден Сяопин айткандай ”Ак мышыкпы, кара мышыкпы, чычкан кармаса болду да!” — ​дегендей, аны колдонуш керек болду окшойт. Кара мышык, ошентип айта берет. Эми ушул эле Акылбек Жапаров Торонтого барып, колдоп келип, мага кирип, менин кабыл алуумда болуп, “Аскар Акаевич, бул абдан сонун иш болду!” — ​деп мактап-сактап эле жүргөн. Ал жерде өзүнүн да колу бар, жүрөт. Кыргызстанда көрсөтүп жатышпайбы, эми аны мен уюштуруп жаткан жокмун да. Торонтого барып, “баары жакшы” — ​деп келген ал эмес беле? Эми болсо Жогорку Кеңеште “Мен ошондо эле кемчиликтерин көрүп, билип эле турганмын! Ошондо Акаев, Танаевди коркутуп, күчкө салып, басым жасап…” — ​деп сайрап жатпайбы. Бекен иним, менин колумда Танаевдин өз колу менен жазып берген “пояснительный запискасы” бар. Ошону сактап жүргөн элем, кереги тийип калабы деп. Ал катты сага берем, колуң бошогондо карап, анан окуп коёсуң…


— Жапаров: ал менин колум эмес деп танып кетти го. Менимче, Акылбек Жапаров кагаз бетиндеги анын колу эмес экенин өзү журналисттерге жооп кылып, жар салды…


— Ал жигит эч качан, азыр эле айткан сөзүнөн танып, жигитче мойнуна алчу беле… Ал катта, 2012-жылы Алмаз Атамбаев дагы “Бакиев түбүнө чейин текшерткен жок, дагы бир жолу текшертем” деп комиссия уюштурган. Темир Сариевдин комиссиясынын чечими мындай болчу. Жапаров өзү түзгөн, министр, вице-премьер болуп турган. Окуп көрсөңөр болот. Ал 2003-жылды да сындаган, “Бул ката 2009-жылы кеткен, аны жоюш керек!” — ​деген ал. Себеби ага Атамбаев өзү тапшырма берген да. Бирок, Атамбаев кийин аны жасаган жок. Эмне үчүн дегенде, Бакиевдин убагында өзү министр, премьер-министр болуп отурганда өзү кол койгон документтер бар. Өзү негизинен бир дагы чара көргөн жок. Ал “атаканы” мага буруп койду. 2009-жылдагы келишимдеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн берип коюп жатпайбы. Биздин убакта, Россиянын экологдору менен атайын экспертиза өткөрүп, мыйзам кабыл алганбыз. Анда: “Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн алдындагы алтындар эч качан казылбасын, эгер казыла турган болсо анда экологиялык жактан катастрофа болот!” — ​деп далилдеп жазып койгонбуз. Жана өзүң айткандай, алдын казганда үстү жагы түшүп кетет деп көрө билгенбиз. Жогорку Кеңештин мыйзамы менен бекитип берген жерде да Акылбек Жапаровдун колу бар. Баарын көрүп, билип туруп, бирок 2009-жылы Акылбек Жапаров кол коюп берген. Өзү белек катары министр, вице-премьер болуп ошону ишке ашырган. Ошон үчүн Акылбек Жапаровдун өзүн жоопко тартыш керек! Министрдин орун басарынын эч кандай тиешеси жок Төрөмырзаев деген өтө билимдүү, таланттуу экономист жигиттер запкысын жеп отурушат. Бүгүн да ошондой таланттуу экономистти колдонуш керек. Комиссия 2009-жылкы келишимди тезинен бузуш керек деп жазып жатпайбы. Экинчи жолку текшерүүдө Торонтого барып, эч натыйжа таап келген жок. Мен сурагандан кийин Танаев өз колу менен көргөзүп, бул запискаларды жазып берген. Акыркы кездерде Дастан Сарыгулов да мени оң келди сындап жүрөт. Дастан Сарыгуловду Ленинграддагы студенттик кезден бери билем. Бирок, менден жашы күчүү болот. Мен өзүм Сарыгуловго ишенип, президент болгондон кийин эң чоң долбоорду, мага жакын деп “Кумтөрдү” зор ишеним менен ошол кызматты берген элем. Өзү да курулушчу эмеспи деп. (Бүгүн мындай достордон Кудай сактасын!) Ошентип иштей баштайт. Биринчи эле жылдары билинди. Мисалы, 1993-жылдагы генералдык келишимди Премьер-министр Турсунбек Чыңгышев, “Кыргызалтындын” башчысы Дастан Сарыгулов экөө Торонтого барышып, кол коюп келишет. Ошол эле жылы парламентте, “Алтын иши” козголду. “Бул туура болгон жок, бул компания жарабайт! Бизге башка компания табыш керек эле…” — ​деген сын пикирлер айтыла баштады. Ошондо эле Сарыгулов Чыңгышевди сатып кетти. Чындыгын айтып коёюн, аны оставкага кетирип, эшиктен чыгарып коюшту. Ал эми, Дастан Сарыгулов суудан “кургак” чыгып кетти. Өзү мындай келишимди “Кыргызалтын” даярдап өкмөткө чыгарат эмеспи. Андан кийин өкмөткө берилет. Ал эми жыйынтыгында Сарыгулов Абсамат Масалиевич менен өз кезегинде Ысык-Көл областында чогуу иштешкени маалым болду. “Кумтөрдүн” алтыны али казыла элек эле. Мен дагы бир нерсени айтып коюшум керек, биринчи келишимди даярдаган да Дастан Сарыгулов болчу экен. “Мен жакшысын даярдадым эле, ал эми Чыңгышев келишимди бузуп кетти!”– деп актанып чыгат. Парламент Чыңгышевди «тепкилеп» жатып калышты. Чыңгышевди кызматтан кетиргидей эч күнөөсү жок эле. Чыңгышев бейкүнөө премьер-министрлик кызматын бошотуп берип, кетүүгө аргасыз болду. Кийин билсем, келишимди даярдаган Сарыгулов өзү экен. Ал эми Чыңгышевди уккан эч ким жок болду. Анан 1999-жылы капысынан эле бир нерсени билип калдым. “Кирешелерди” карап отурсам “Кумтөрдөн” салык түшпөптүр. Танаевди чакырып, мен сизге, өзүмдөн да жакшы ишенип келсем, бул эмне кылганыңыз! Эмне үчүн “Кумтөрдөн” салык түшкөн эмес, салык жок! Башка инвесторлор, Токмоктогу айнек заводу, жана башкалардын кирешелери бар, салыктарын төлөп жатат го. Кантип ушундай болсун деп жиним кайнап чыкты. Өкмөттөгүлөр да актана башташты. Көрсө, 1998-жылы Дастан Сарыгулов Өкмөт менен келишпей туруп, макулдашпай, өз билемдик менен жашыруун түрдө өзү эле “Кумтөрдү” бүт бардык салыктардын түрлөрүнөн толук бошотуп салыптыр. Башта Сарыгулов Акаевди сындаса, эми мурунку президент Акаев Дастан Сарыгуловду сындай баштаптыр деп чыгышы мүмкүн. Ошол нерсени Танаев премьер-министр болуп барган кезде таап чыккан. Танаев ушулардын баарын өз колу менен мага жазып берген. Танаев мага кагаздарын көтөрүп келип: “Аскар Акаевич, албетте өтө өкүнүчтүү, Дастан Сарыгулов сиздин жакын досуңуз болот. Сиз ага ишенесиз, анын жасаган ишин караңызчы. Сарыгуловдун жеке чечими Кыргызстанды өтө чоң зыянга учуратты, чыгым келтирди!” деп алдыма Сарыгуловдун кетирген кемчиликтерин, анын эмне иштерди жасаганын кагазга жазып алдыма таштап койду. Студенттик кезимен бери билип, ишенген жакын адамымдан мен мындайды күткөн эмес элем. Мага анын бул кылыктары өтө катуу тийип, сокку болду. Мен аны дароо эле “Кыргызалтындын” президенттик кызматынан кетирип салдым…


— Кечиресиз, бир жолу Дастан Сарыгулов “Президенттин жубайы Майрам Акаева тойго деп бир миллион доллар акча сурады. Мен ал сураган акчаны бербей койдум эле, мени кызматтан кетирип салышты!” — ​деп айткан эле.


— Калп! Күлкү келе турган иш. Сарыгулов “Мен элдин, республиканын кызыкчылыгын ойлоп жатсам мени кызматтан кетирип жиберишти” — ​деген сөздөрүн айтып, актанып жүрөт. Анын калп сөздөрүнө, ошол кездеги премьер-министр Танаевдин каты жооп берет. Мен ал каттын көчүрмөсүн сага эртең ала келип берейин, ошондо гана Дастан Сарыгуловдун чыныгы жүзүн, анын ким экенин билесиңер. 2003-жылга чейин “Кумтөрдөн” бир да киреше жок, салык түшкөн эмес экен…


Булак: “Жаңы Ордо” гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн