Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:48
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Аскар Акаев: 2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү АКШ уюштурган

21.06.2022 12:15
848
Аскар Акаев: 2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү АКШ уюштурган


Тунгуч президент Аскар Акаев 2005-жылдагы "Жоогазын революциясын" АКШ уюштурганын билдирди.

Ал казак тараптын чакыруусу менен келип Алматыдагы жогорку окуу жайлардын биринде сүйлөгөн.

Акаевдин айтымында, өткөн кылымдын 1990-жылдары Кыргызстан жакшы темп менен өнүгүп бараткан, бирок 2000-жылдары көйгөй жаралган. Ал "Жоогазын революциясын" АКШ тарабынан уюштурулган мамлекеттик төңкөрүш деп атады.

"Мен муну ачык эле айта алам. Себеби АКШнын элчиси Янг мырза ачыктан ачык эле, өзгөчө Грузиядагы жана Украинадагы революциядан кийин төңкөрүштөрдү Кошмо Штаттар уюштурганын айткан. Мен өлкөдөн чыгып кетип, балким, ката кетирген болушум мүмкүн. Көбү ушул жерде эле калышың керек болчу деп айтышат. Бирок мен өз атымды кан төгүүгө аралаштыргым келген жок. Андыктан өлкөдөн чыгып кетүүнү чечтим, ага өкүнбөйм", — деди Акаев.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө 19-июнда Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине келип, лекция окуган.

Булак: Sputnik Кыргызстан


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн