Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Аскар Акаев Казак улуттук университетинде лекция окуду

20.06.2022 13:50
625
Аскар Акаев Казак улуттук университетинде лекция окуду


Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине Кыргызстандын тунгуч президенти, Россия илимдер академиясынын академиги Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө ардактуу конок катары келди. Бул туурасында маалымат аталган окуу жайдын сайтына жарыяланды.

Университеттин ректору Жансеит Туймебаев Акаевдин эмгек жолу тууралуу айтып, илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгилеген.

Тунгуч президент кечээ, 19-июнда, "Байыркы доордон берки жана адамзат келечегиндеги демография динамикасы" деген темада лидерлик лекция өтүп, ошондой эле улуттук университеттин морнизациялоо планы менен таанышкан.

Акаев Аль-Фараби атындагы окуу жайга 45 жылдан кийин келип жатканын айткан. Ал 21-июнда дагы студенттер сарайында "Санарип экономика, моделдер жана божомолдор" аталышындагы экинчи лекциясын өтө турганын кошумчалады. Муну менен катар өзүнүн долбоорлору жана изилдөөлөрү тууралуу баяндап берери жазылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн