Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аскар Акаев: Кумтөрдүн "каймагын" кийинки бийлик калпыган (видео)

19.05.2021 13:51
1438
Аскар Акаев: Кумтөрдүн "каймагын" кийинки бийлик калпыган (видео)

"Кумтөрдүн" "каймагын" кийинки келген бийлик калпыган. Мындай пикирин туңгуч президент Аскар Акаев "Азаттык" менен болгон маегинде билдирди.


Анын айтымында, 1993-2003-жылдар аралыгында Канадалык компаниялар зыянга иштеген.


"Биз Канадалык компаниялар менен келишим түзгөн учурда бир унций алтын 350 доллар турган. Ал эми чыгашасы 380 долларды түзгөн.

"Комека" кийин алтындын баасы өсөт деген ниет менен иштетип келген. Анан 2003-жылдан кийин алтындын баасы өсүп пайда көрө баштаганда Кыргызстанга азыркы курска салыштырганда 6 миллиард сомдон ашык салык төлөгөн.

Азыр Жапаров комиссиянын төрагасы катары эмне деп жатат? Ал 2009-жылдагы келишимди эч кандай баса белгилеп айткан жок. Ал басымды 2003-жылы Акаев жана Танаевдин убагында түзүлгөн келишимге коюп, ошондо мыйзам бузулган деп айтып жатат. Ал жерде Жапаровдун максаты коомчулуктун пикирин 2009-жылдагы келишимден буруп, 2003-жылдагы келишимге басым коюшу керек болуп жатат. Себеби эмнеде? Себеби Жапаров "Кумтөрдүн" тегерегиндеги чоң адис, ал башынан эле экономист катары бардык комиссияларга катышып келген. Ал жерде Жапаровдун жеке кызыкчылыгы да болгон болушу керек. 2003-жылдагы комиссияда ошондо да мамлекеттик комиссия түзүлүп, андагы комиссиянын негизги мүчөсүнүн бири Жапаров болгон. Ал комиссияда толук иштеп, ал эмес Канаданын Торонто шаарына барып, "Комеканын" штаб квартирасында болуп, сый-урматын көрүп келип анан аны аябай мактаган. "Комека" өтө бай, тажрыйбасы мол компания экен, анан келишим дагы ар тараптуу кызыкчылыктарга жооп берет деп өзү колдоп берген. Ошонун негизинде Танаев өкмөт башчы катары келишимге кол коюп, чечим кабыл алышкан. Ал учурда Жапаров ал кемчиликтер тууралуу ачык айткан эмес",- деди Акаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн