Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Аскар Акаев: «Майрам Акаева Кыргызстандын жаштары сапаттуу билим алса, бийик маданиятка аралашып калса экен деп зор аракет жасады»

28.04.2021 13:48
1591
Аскар Акаев: «Майрам Акаева Кыргызстандын жаштары сапаттуу билим алса, бийик маданиятка аралашып калса экен деп зор аракет жасады»

Туңгуч президент Аскар Акаев «Автор тв» каналына курган маегинде өмүрлүк жары Майрам Акаева тууралуу да айтып кеткен. Анын айтымында М. Акаева «Мээрим» эл аралык фондун түзүп, дүйнөдөн кашыктап каражат таап Кыргызстандын жаштарына сапаттуу билим берүү, бийик маданиятка аралаштыруу максатында чоң иштерди жасаган.


«Аялы кийлигишет, аялы башкарат деп аябай сындашты. Мен муну дагы айтпай кетсем жооп толук болбой калат. Майрам Акаева өзү профессор, окумуштуу, педагог. Ошонтуктан Кыргызстандын жаштары сапаттуу жакшы билим алса экен, бийик маданиятка аралашып калса экен деп эл аралык «Мээрим» фондун түзүп, жаштар өсүп-өнсө экен деп аябай зор аракет жасады. Биринчиден, жетим балдар үчүн эки чоң кыштак куруп берди – Бишкекте бирөө, Чолпон-Атада бирөө. Алар бүгүнкү күндө да иштеп жатат. Кез-кезде ошол жетим балдар алкыш катын жазып калат. Андан кийин Кыргызстандын балдары ден соолугун чыңдап, жакшы эс алсын, жакшы билим алсын деп Ысык-Көлдүн жээгине балдардын чоң санаториясын салдырды. Аны тыштан кашыктап чогултуп келген каражаттын эсебинен салдырган, бир дагы республиканын тыйынына тийген жок. Эл аралык фонд катары дүйнөдөн жардам чогултуп келип, ошону менен чоң санаторий курган. Ошол кезде бизде эки гана компьютердик томограф бар болчу. Бирөөнү Жапан мамлекети берген, Бишкектеги негизги ооруканада турчу, экинчисин Германиядан алып келип, ошол балдар санаториясына берген. 2005-жылы санаторий бүтүп жатты эле, андан кийин санаторийди талкалап, тоноп, иши кылып жок кылышты. Ар бир райондо бирден билим берүү борборлорун уюштуруп, анын баарын компьютер менен жабдып, музыкалык инструменттер менен жабдып, ошол райондун эң таланттуу балдары келип, компьютер грамотасын үйрөнсүн, музыканы үйрөнсүн деп зор аракет жасаган. Ошолордун ичинен таланттууларын көтөрүп, өз баласындай Москвага алып келип, консерваториядан окутуп, мына дүйнөлүк деңгээлдеги атактуу эки пианист чыкты. Бирөөсү Азамат Сыдыков, азыр Америкада, экинчиси, Кайыр Кошоева, профессор, ошол Америкада бир музыкалык университетте сабак берет, үчүнчүсү скрипач Чормонов, Германияда. Баары Майрам энебиз деп сыйлап, урматтап, кат жазышат. Кийин Бакиев президент болуп келгенде, ар бир билим берүү борбору боюнча кылмыш ишин козгоду. «Ошонун баарын Майрам Акаева менчиктештирип алыптыр» деп. Баарын талап-тоноп жоготушту, Кыргызстандын жаштарына гана кыйын болду. Тарых тастыктады, Майрамдан кийин бир дагы леди Кыргызстанда көзгө көрүнө тургандай иш жасаган жок. Ошондуктан биздин үй-бүлө тууралуу куру жамандоо, көө жабуу, биздин үй-бүлөнүн кадыр-баркын кетириш маселе болуп калды да. Аягында айта кетпесем болбой, накта үй-бүлөлүк башкарууну Бакиев киргизди. Себеби, Бакиевдин бир уулу Коопсуздук комитетин башкарып турду. Экинчи уулун атайын бүт Кыргызстандын экономикасын башкартып койду. Бир иниси Германияда өкүл болуп иштеди. Экинчи иниси болсо бүткүл күч структураларын башкарып турду. Сөзсүз бул өз зыянын тийгизди. Мындан кийин Кыргызстандын тажрыйбасында мындай болбошу керек», - дейт Аскар Акаев.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Ира
Акаев бир жагынан туура айтты.Бул киши аябай билимдуу болчу.
Мир
Бул есине келбептир Кечирим сураштын ордуна аялын мактап отурат