Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 08:17
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Аскар Акаев: «Мен бийликтен кеткенде Кыргызстандын тышкы карызы 700 миллион гана доллар болчу»

28.04.2021 12:22
1328
Аскар Акаев: «Мен бийликтен кеткенде Кыргызстандын тышкы карызы 700 миллион гана доллар болчу»

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев «Автор тв» каналына курган маегинде 2005-жылдын 24-мартындагы мамлекеттик төңкөрүштөн улам бийликтен кеткен маалда мамлекеттин тышкы карызы болгону 700 миллион доллар болуп турганын айтты.


«Биз 2005-жылы биринчи болуп мурунку Советтер союзунун республикаларынын ичинен эл аралык карызды кечирүүгө жетиштик. Бизден кийин дагы эч ким андай карыз кечире алган жок. Ошондо Париж клубунда март айында (2005-жылы), тилекке каршы марттын аягында мамлекеттик төңкөрүш болуп кетти, ал эми анын башында биздин карызды кечирүү боюнча жумушчу тобу ишин аяктап, Эл аралык Париж кредиторлорунун клубу Кыргызстандын 550 миллион доллар карызын кечкен. Биз 15 жылдын ичинде 1 миллиард 800 миллион доллар карыз алган экенбиз. Кредиттер, баары узак мөөнөт, арзандатылган кредиттер, 30-40 жылдык кредиттер. 1 миллиард 500 миллион доллар карыздын 550 миллиону кечирилди, дагы 550 миллиону Вашингтондо резервдик банкта турчу. Себеби, ар бир мамлекеттин эл аралык соода-сатыгына кызмат кылган ошондой валюталык алтын запас болушу керек. Ал запасыбыз дагы толук сакталып турган. Ошентип мен 2005-жылы республиканы 700 миллион карыз менен эле калтырдым. Эң кыйын жылдарда, эгемендүү мамлекеттин фундаментин түптөөдөгү биринчи 15 жылда 1 миллиард 800 миллион кредит алган экенбиз. Ошонун 550 миллионун кечиртип кеттим, дагы 550 миллиону Вашингтондо валюталык запас катары турган. Ошентип 700 миллион гана карыз калган. Эми салыштырып көрсөңөр болот, менден кийинки 4 президент 15 жылдын ичинде 4 миллиарддан ашык карыз алышты. Мына азыр Кыргызстандын карызы 5 миллиард доллар болуп турат. Бирок, бир дагы көзгө көрүнөрлүк долбоор ишке ашкан жок», - дейт Акаев.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн