Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев «Автор ТВ» каналына курган маегинде улуу кызы Бермет Акаеванын мамлекеттик кызматта иштебей туруп эле, Кыргызстанга көрсөткөн жардамдары тууралуу кеңири айтып берген. Анын айтымында Бермет Акаева «Ага-Хан» фонду аркылуу мамлекетибизге көптөгөн жардамдарды жасаган.
«Мен 2004-жылы «2005-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышпайм, жаңы президент шайлап алабыз» деп жарыялагам. Ошондо Бермет кызым «Ага-Хан» фондунда иштечү эле. Бул фонд аркылуу Кыргызстанга көп жардам көрсөттү. Ошонун ичинде «Ага-Хан» фонду Нарын шаарында университет ачты. Ошонун баарын ээрчитип келген Берметим болчу. Бир топ эл аралык уюмдарга Кыргызстан тууралуу айтып берип, алып клеген да Бермет кызым болду. Анан мен президенттик мөөнөтүм аяктап жатканда, «элиме депутат болуп иштеп берейин» деп Бермет 2005-жылы шайлоого катышып, эл өзү шайлап алды. Мен аны эч кандай мамлекеттик кызматка койгон жокмун. Менден кийин дагы, Бакиев президент болуп турганда дагы кызым Бермет депутаттыкка шайланып өткөн. Бирок, Бакиевдер иштетпей коюшту. Мандатын тартып алышты», - дейт Акаев.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн