Бугу 13, 2024
Убакыт: 08:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Аскар Акаев: Менин Кыргызстанга болгон сапарым Путин менен Садыр Жапаровдун ортосунда макулдашылган

21.12.2021 10:23
531
Аскар Акаев: Менин Кыргызстанга болгон сапарым Путин менен Садыр Жапаровдун ортосунда макулдашылган

Менин Кыргызстанга болгон сапарым Путин менен Садыр Жапаровдун ортосунда макулдашылган. Мындай пикирин мурдагы президент Аскар Акаев орусиялык "МК" басылмасына берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, Жапаров "Центерраны"  сотто жеңип чыгат.


"Садыр Жапаров президент болуп келгенден тарта "Центерранын" мыйзамсыз иштери менен күрөшүп жатат. Эл аралык сотто дагы жеңип чыгат деп ойлойм.

Мен Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирем. Жапаров өзү мага чалып, Кыргызстанга барып мага карата ачылган кылмыш иштери тууралуу түшүндүрмө берүүмдү суранган",- деди Акаев.


"Сиз алгачкы жолу барганда кооптонгон жоксузбу" деген суроого Акаев мындайча жооп берген: "Менин Кыргызстанга болгон сапарым Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун ортосунда макулдашылган".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн