Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аскар Акаев: «Менин үй-бүлөм эч качан мамлекеттик иштерге кийлигишкен жок»

28.04.2021 11:23
1246
Аскар Акаев: «Менин үй-бүлөм эч качан мамлекеттик иштерге кийлигишкен жок»

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев эгемендиктин 30 жылдыгын утурлай «Автор тв» каналына маек куруп, анда өзүнүн үй-бүлөсүнүн дарегине карата айтылып келген сын-пикирлерге жооп узатты.


«Менин үй-бүлөм эч качан мамлекеттик иштерге кийлигишкен жок. Эң оболу айтып кетейин, менин эки улуу агам бар эле. Улуу агам Болот Акаев совет доорунда эле өзү партиялык, профсоюздук кызматтарда иштеп келген. Мен студент кезимде эле ал Кыргызстандын авиаторлорунун парткомунун жетекчиси болуп иштеген, 1970-жылдарда. Анан 1980-жылдарда Кыргызстандын авиаторлорунун профсоюзунун төрагасы болуп шайланып, ошол жерде 30 жылдай иштеди. Менин убагымда дагы, мен президенттиктен кеткенден кийин дагы ошол профсоюздун төрагасы болуп иштеп турган, анан Бакиев «Акаевдин байкесин кызматтан кетиришибиз керек» деп, бирок Кыргызстандын авиаторлору «Биз Акаев менен 50 жылдан бери иштеп келатабыз, дагы иштейбиз» деп кайра эле Бакиевдин убагында дагы шайлап алышкан. Менин ага эч кандай тиешем жок. Агам Кыргызстандын авиаторлору менен баш-аягы 40-50 жылдай иштешти, адегенде парткомдун жетекчиси, андан кийин профсоюздун жетекчиси болуп. Кийинки байкем Асанкул Акаев айылда өсүп, ата-энебизди карап, алар менен чогуу болуп калды. Эң кичүүсү мен элем, салт боюнча ата-энем менен мен калышым керек эле. Бирок, мен мектепти алтын медаль менен бүткөндөн кийин «Жок, Аскар окусун» деп мени окууга жөнөтүшүп, менден улуу Асанкул байкем айылга калган. Ал байкем мен окуп жүргөн жылдарда, советтик доордо айылдагы совходун директору болуп иштеди. Андан кийин совхоз жоюлуп, колхоз болду, колхоздун башкрамасы болуп иштеди. Мен Ленинградда илим-билим менен алектенип жүргөндө, эки байкем бул жакта өздөрү эле карьера жасашкан. Менин убагымда эч жакка кызматка жылып, көтөрүлүшкөн жок. Асанкул байкемди кеминдиктер жакшы көрүшчү, кадыр-баркы да зор эле, 30-40 жыл совхоздун директору, колхоздун башкармасы болуп иштеген. Анан ал пенсияга чыккандан кийин эл өзү Жогорку Кеңешке депутат кылып шайлап алышты. Ошентип менин убагымда он чакты жыл депутат болуп иштеди, бирок мамлекеттик кызматта иштеген жок», - дейт Акаев.


Өзүнүн уул-кыздары тууралуу төмөндөгүчө айтып берген:

«Ал эми үй-бүлөмө, балдарыма келсек, тун кызым Бермет 1990-жылдардан Швейцариядан чоң университетти бүтүп, ошол жерде Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык бөлүмүндө иштеп калды. Өзү дипломатияга жакын болчу. Европалык негизги тилдердин баарын билет- англис, француз, испан, италянча, немисче. Андан кийинки уулум Айдар Вашингтондон 2000-жылы университетти аяктап келди. Кесиби – эл аралык экономика жана финансы. Анан финансы министрлигинде министрдин кеңешчиси болуп иштеди. Мындай официалдуу кызматка койгон жокпуз. Кыргызстандын тышкы карыздарын кечирүү боюнча бир жумушчу топ уюштурганбыз, негизинен ошону менен иштеп жүрдү. Парижге барып, Нью-Йоркко барып, эл аралык финансы уюмдары менен иштеп жүрдү. Кенже кызым менен кенже уулум менин президенттик ыйгарым укуктарым аяктаганга чейин эле окууда болушту. Биздин үй-бүлө эч кандай мамлекеттик бийликке кийлигишкен жок. Тескерисинче, ар кимиси колдорунан келген жардамын беришти», - дейт ал.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Бул акылына келбептир.Кечирим сурайт деп ойлодук еле