Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 21:12
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Акаев: Дубайдагы жолугушуу бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду

20.02.2023 17:19
6277
Акаев: Дубайдагы жолугушуу бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду


Кыргызстандын алты президентинин Дубайдагы жолугушуусунун чоо-жайы тууралуу мурдагы президент Аскар Акаев “Азаттыкка” маек курду.

Азаттык: Кыргызстандын мурдагы беш президентти жана азыркы президенти бир үстөлгө отурганы тууралуу маалымат өлкөдө кызуу талкуу, ача пикирлерди, сынды жаратты. Сиз дүйшөмбү күнү билдирүү таратып, бул демилгени колдой турганыңызды жарыяладыңыз. Алгач жолугушуу качан, кайсы жакта өткөнүн, кантип уюштурулганын, анда эмне жөнүндө сөз болгонун айтып бересизби?

Акаев: Мага чукул эле, 14-15-февралда кайрылышты. Президент өзү “Дубайга келип берсеңиз, акылдаша турган иш бар эле” деп кайрылды. Анан президент чакыргандан кийин сөзсүз барыш керек. Мен бардым. Барсак, сюрприз. Ошол жерде экс-президенттердин баары чогулган экен.

Президент Жапаров “максатыбыз бир, ал - республикада стабилдүүлүктү сактоо, элдин ичиндеги ынтымакты, биримдикти бекемдөө” деп айтты. Ал элибиз “акаевчи”, “бакиевчи” жана “баланчаевчи” деп бөлүнүп-жарылып, ошондуктан алдыга жылууга кедергисин тийгизип жатат, ошондуктан баарыңарды ынтымакка чакырам, бөлүнбөй-жарылбай, стабилдүүлүк колдоп, бир беткей экономикабызды өстүрүп-өнүктүрүп, элибизге жакшылык жараталы” деген жакшы демилге, бийик максат койгон экен.

Анан бардыгыбыз колдоп бердик. Мен дагы “мунуңар абдан туура” деп өзгөчө колдоп бердим. Бардык экс-президенттер да колдоп беришти. Кыскача ушундай.

Азаттык: Сиз бардык президенттер колдоду деп айтып кетпедиңизби. Жолугушуудан көп өтпөй мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, аны "президент Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу болот" деп чакырышканын, жолугушуу аягында эч ким менен коштошпой чыгып кеткенин билдирүүдө. Ушундай жагдай болдубу? Сиз дагы Дубайда алты президент жолуга турганын алдын ала билген эмес белеңиз? Күтүүсүз болдубу?

Акаев: Бардыгыбыз үчүн эле күтүүсүз болду. Мени да президент өзү эле “жолугушуп, акылдаша турган маселелер бар” деп чакырды. Бирок мен бир-эки күн мурун “Атамбаев Испанияга дарыланууга барат экен, Дубай аркылуу учуп чыкты” деп окуп калдым. Ошол кезде менин колумда да Дубайга билет, виза бар эле. Анан “президенттерди чогултуп жатышкан го” деген ой кетти.

Жакшы кабыл алдым. Кыргызда бул өзү ата-бабадан калган жакшы көрүнүш да. Президентибиз өзү бийик көтөрүп, чогултуп жатса, барыш керек. “Ушундай чогулуш болот го” деген оюма кетти. Бирок эч кандай таасир-ой жаралган жок. Бардык. Колдодук. Менимче, бул тарыхый окуя болду.

Азаттык: Президенттердин баары эле колдоду деп айтууга болобу?

Акаев: Бардыгы колдоду. Мен аны таптак, жоопкерчилик менен айта алам. Бардыгы аягына чейин отуруп, татынакай тамак-ашын ичип, бардыгы Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп беришти.

Азаттык: Сураганымдын себеби, Атамбаев жолугушуудан эрте чыгып кеттим деп айтып жатпайбы?

Акаев: Бардык президент, ошонун ичинде Атамбаев эң акырына чейин отуруп, ар бири өзүнүн сөзүндө Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп, бардыгы “элибиздин ынтымакта, биримдикте, стабилдүүлүктө келечекке жакшы саамалыктарды жаратканга эки колубуз менен даярбыз” деп колдоп берген.

Азаттык: Ушул жолугушуудан эми кандай жыйынтык чыкты?

Акаев: Менимче, бул эң жакшы окуя болду. Бул ата-бабадан калган жакшы салт. Менимче, президент Жапаров өзүнүн кеменгерлигин көрсөттү. Анын деле өзүнө чейинки президенттерге болгон таарынычтары болсо керек. Болбой койбойт да. Бирок өзүнүн жеке таарынычынан да бийик көтөрүлүп, баарыбызды чогултуп, баш коштуруп, кыргыз элинин ынтымагын, мамлекеттин туруктуулугун чыңдайлы деген эң жакшы ойлор менен өткөздү. Бул өзү президенттин конституциялык милдеттеринин бири.

Ошондуктан бул жакшы иш болду. Бирок мунун баарын жакшы жакка буруш коомчулуктун, интеллигенциянын колунда. Ошонун ичинде журналисттер, өзүңөр барсыңар. Себеби ар нерсенин жакшы жагын да көрө билиш керек. Жаман жагын издей берсек, биз эч качан улут катары, мамлекет катары көтөрүлө албайбыз. Ошондуктан мен өзүм туура таап, колдоп бердим.

Азаттык: Сиз айткандай, колдогондор да, сындагандар да бар. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тегерегинде да бир топ сындар айтылууда. Сиздин учуруңуздагы окуяларды кайра эске салгандар да бар. Бир маселени тактап кетейинби? Мурдагы президенттерди, анын ичинде Курманбек Бакиевди өлкөгө кайтаруу маселеси тууралуу жолугушууда сөз болдубу?

Акаев: Жок. Андай сөз көтөрүлгөн жок. Президенттин максаттарын айтып өтпөдүмбү. Максаттары – стабилдүүлүктү, элдин биримдигин сактоо. Төнкөрүш, революцияларды токтотолу [деген сөз болду].

Бир нече революция, бир нече төнкөрүш болду. Андан кыргыз эли өсүп-өнүгүп кеткен жок. Элдин турмушу көтөрүлүп кеткен жок. Ошондуктан “төңкөрүштөрдү токтотолу, өзүңөрдүн тарапкерлериңерге айткыла, экономикабызды өнүктүрүп, элдин жашоо-турмушун жакшырталы” деген жакшы оюн айтты.

“Президенттердин баарын Кыргызстанга алып келем” деп маселе көтөргөн жок. Андай маселе көтөрүлүшү да мүмкүн эмес. Ар бир президент өзү чечиши керек. Мыйзамдын негизинде.

Жеке мен өзүмдү алсам, мурдагы жылы эки жолу [Кыргызстанга] бардым. Компетенттүү органдар менен эки жолу он күндөн эртеден-кечке чейин отуруп, бардык суроолоруна, претензияларына жооп бердим. Мына быйыл мага болгон иштердин баарын жоюшуп, токтотуп, “эми элдин алдында тазасыз, калааган убакта келе бериңиз” деди. Эми мага республикага жол ачылды.

Ошондой эле калган президенттер да ар бирөө өз маселесин мыйзам чегинде чечиши керек. Анан “баарыңарды Кыргызстанга алып келе коем” деген маселе коюлган жок.

Азаттык: Президент Жапаров жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө “мурдакы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышканын, көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүшкөнүн, кетирген кемчиликтерин моюндарына алышканын, эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишкенин” жазды. Алты президент жолугуп бири-бирин кечиргени жетиштүүбү? Ар бир бийликтин тушунда келтирилген кемчиликтер, укук бузуулар, керек болсо кан төгүүлөр, коррупция, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликке аралашуусу үчүн президенттер бири-биринен эмес, элден кечирим сурашы керек эмес беле? Кечиримди эл бериши керек эмес беле?

Акаев: Дагы бир жолу кайталап айткым келет. Ал маселени ар бир экс-президент өзү чечиши керек. Мен мурдагы жылы барып, компетенттүү органдар менен жыйырма күн эртеден кечке иштеп, ошонун жыйынтыгы боюнча элге кайрылуу жасап, элден кечирим сурагам. Эми уккандар бардыр, укпаган бардыр.

Ар бир президент аны өзү чечет. Балким күнөөлүү эмесмин деп ойлошот чыгаар. Ар кимиси өзү чечет. Мен өзүм барып, маселенин баарын чечип, жыйынтыгы боюнча кайрылуу жасап, “менден кеткен кемчилик болсо, кечиргиле, калайык калкым” деп кайрылып кеткем. Илгерки, Шарченче кайталай бергенде анын баркын кетирип алабы... Ар бир президент бул маселени өзү чечиши керек.

Азаттык: Жыл башында сизге каршы ачылган Кумтөргө байланыштуу иштер кыскарганы белгилүү болгон. Ошол эле учурда сиз бийликте турганда Аксы окуясы болуп, анда кан төгүлгөн. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин соңунда Апрель окуясы болуп, 90дон ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Атамбаевге бир топ кылмыш иштери ачылганы белгилүү. Анын ичинде адам өмүрү кыйылган Кой-Таш окуясы бар. Убактылуу өкмөттүн тушундагы июнь окуялары тууралуу түрдүү сын-пикир айтылып келет. Айтор, ар бир президенттин кыймыл-аракетинин, чечимдеринин артында укуктук, мыйзамдык, кеминде моралдык жоопкерчилик ала турган маселелер бар. Жалпы 30 жылдан ашык убакыттан берки бул сыяктуу иштерге жоопкерчиликти ким алышы керек? Алар кантип чечилиши керек?

Акаев: Ар бир президент өзү кетирген кемчиликтерине жооп бериши керек. Жалпы чогулуп, ушул маселени чечүү мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров андай маселе койгон жок. Дагы бир жолу айтам.

Президент Жапаров да “ар кимиңер мыйзамдын негизинде, укук жолу менен чечесиңер” деп айтты. Президент “мен маселеңерди чечем” деген жок. Ал кишинин максатын айтып өтпөдүмбү. Президент өзүнүн ишин жакшы аткарды деп айтышым керек.

Мен жыйырма жылдан бери айтып, түшүндүрүп келе жатам. Мурдагы жылы Кумтөр гана эмес, бардык иштер боюнча көрсөтмө бердим. Бир жарым жылдан кийин быйыл компетенттүү органдар “Акаевдин иштерин жаптык” деп чечимин чыгарды. Кайрылууну мен өзүм жасагам. Кумтөр гана эмес, бардык окуялар боюнча “менден кеткен каталар болсо мени кечиргиле” деп, элден кечирим сурагам.

Президент Садыр Жапаров деле жолугушууда “ар кимиңер өзүңөр жооп бересиңер, жакшысын жакшы деп айтабыз, ката кеткен болсо ар кимиңер өзүңөр чечкиле” деп айтты. Менимче, анысы туура.

Азаттык: Ал эми Аксы окуясына да жоопкерчилик болушу керекпи?

Акаев: Эми Аксы окуясын окушуң керек. Оку. Мен президент болуп турганда эле Аксы окуясына толук баа бергенбиз.

Азаттык: Кыргызстандын 30 жылдан ашкан эгемендик тарыхында ушул сыяктуу бир топ оош-кыйыштуу окуялар болду. Алты президент биринчи жолу көзмө-көз жолукту. Коомчулук арасында эми бийликтен кеткен кишилер Кыргызстандын келечегин же ынтымагын аныктап калдыбы деген ойлорду айткандар да бар. Мындай сынга эмне дейсиз? Ушундан эмне тыянак чыгаруу зарыл? Алдыда эмне болушу керек?

Акаев: Менин көзүм жетип турат. Алдыда элибиздин ичинде ынтымак, биримдик болсо, азыр жакшы шарт түзүлүп турат. Мен кечээ журналисттерге жооп берип жатып айттым. Өткөн жылы Кыргызстанда төрт тарыхый окуя болду. Жакшы иштер жасалып жатат. Экономикада жылыш бар. Жети пайыздык өсүш болду. Евразиядагы бир дагы мамлекетте жок андай. Кудайга шүгүр стабилдүүлүк бар.

Алдыда элибиздин башы биригип, ынтымак болсо, жакшы иштер жаралат. Экономикада секирик жасаш керек. Аны өстүрүп, элдин турмушун оңдош керек. Президент Садыр Жапаров ушул жолду көрсөтүп жатат. Мен дагы, башка экс-президенттер да баары толук ушул максатты колдоп беришти.

Эми ич ара болгондорду алар өздөрү айтып беришет. Ар бир президент элдин алдындагы жакшылыгын, жамандыгын өзү чечиши керек деп эсептейм.

Анан жыйынтыгы эмне болот деп жатпайсыңбы. Менимче, терс таасири болбойт. Жакшы таасир жаратыш коомчулуктун колунда. Ошонун ичинде журналисттердин, интеллигенциянын, саясатчылардын колунда. Кемчиликтерге эле көңүл буруп отурсак, жакшылык жаралбайт.


Булак: Азаттык үналгысы

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Максат Омуралиев
Президентибиздин мурунку башчыларды чогултканы абдан туура чечим болду,алысты корогоч акылдуу адам экенине козум жетти десем жанылышпайм,мындан ары олкобуздо онугуу осуу гана болсун деп тилейм.