Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:17
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Аскар Акаев: «Уулум Айдарды Кыргызстандын жумушчу тобунун визиттик карточкасы деп коюшчу»

28.04.2021 12:56
1065
Аскар Акаев: «Уулум Айдарды Кыргызстандын жумушчу тобунун визиттик карточкасы деп коюшчу»

Туңгуч президент Аскар Акаев «Автор тв» каналына курган маегинде улуу уулу Айдар Акаев тууралуу да кыскача айтып өткөн экен. Ал уулунун 2001-жылы Вашингтондо университетти аяктаганын, анан финансы министрлигинде министрдин кеңешчиси болуп иштегенин айтат. Ошол убакта Кыргызстандын тышкы карыздарын кечтирүү багытында иш жүрүп, атайын жумушчу топ түзүлгөнүн, анын курамында уулу Айдар да болгонун мындайча эскерет:


«Айдар уулум өзү бою бийик, жүзүндө ар дайым жылуулук турчу эле да. Өзү батымдуу болчу, англис тилинде жакшы сүйлөчү. Билими бар. Анын үстүнө президенттин уулу, аны ачык айтыш керек. Анан аны баары Кыргызстандын жумушчу тобунун «визиттик карточкасы» деп коюшчу. Ошентип биз 2005-жылы мурунку Советтер союзунун республикаларынын ичинен эл аралык карызды кечирүүгө жетиштик», - дейт Аскар Акаев.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн