Бугу 07, 2024
Убакыт: 16:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Аскар Акаев Владимир Путин күзүндө Кыргызстанга келерин билдирди

22.08.2023 10:19
258
Аскар Акаев Владимир Путин күзүндө Кыргызстанга келерин билдирди


Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев Россиянын президенти Владимир Путин быйыл күзүндө Кыргызстанга расмий иш сапары менен келерин билдирди. Бул тууралуу ал RT телеканалына берген маегинде билдирди, деп жазды kaktus.media сайты.


"Путиндин Кыргызстанга күзүндө боло турган расмий сапарын баары чоң шыктануу менен күтүп жатышат. Бул 2003-жылы Канттагы авиабазанын ачылганынын 20 жылдыгына байланыштуу", - деди Аскар Акаев.


Орус президентинин иш сапарынын так күнү белгисиз, бирок Канттагы орусиялык расмий авиабаза 2003-жылдын 23-октябрында ачылган. Болжол менен Владимир Путиндин келиши октябрдын акыркы жумасына туура келет.


Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-майында Кремлде өткөн жолугушууда президент Садыр Жапаров Владимир Путинди Кыргызстанга жооп иретинде расмий сапар менен келүүгө чакырган. Анан бул сунуш ыраазылык менен кабыл алынганы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн