Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Аскар Акаев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча пикирин билдирди (видео)

03.11.2022 16:19
1103
Аскар Акаев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча пикирин билдирди (видео)

Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал ЭлТР мамлекеттик каналына берген маегинде айтты.


Акаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын такталышы ар кандай конфликт жана келишпестиктердин алдын алат.


"Мен өзүм дагы кыргыз-өзбек чек арасынын чечилиши боюнча азыркы бийликтин кадамдарына баам салып турам.

Айрым адамдар чек ара боюнча маселени кийинкиге жылдырууну сунуштап жатышат. Мен алар менен макул эмесмин.

Анткени чек ара маселеси канчалык эрте чечилсе ошончо жакшы. Ким билет эртең эмне болуп кетерин. Ошондуктан кечиктирбестен маселени чечиш керек",- деди мурдагы президент.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кыргыз
Түшүңдү сууга айт деген киши жок Өзү президент болуп турганда чечип койсо болбойбу чек араны Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап...