Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат катчысы АКИпресс агенттигине билдирген.
Анын айтымында, кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотулган.
Аскар Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана Кумтөр боюнча айыптар тагылган.
Былтыркы жылы Акаев Кыргызстанга келип, Кумтөр боюнча көрсөтмө берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн