Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аскар Айтматов: Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүндөгү түндүк жерге ташталган (видео)

21.07.2021 12:14
906
Аскар Айтматов: Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүндөгү түндүк жерге ташталган (видео)


Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнөн алынган түндүк комплекстин жанындагы жерге ташталган. Бул тууралуу Ассоль Молдакматова Аскар Айтматовго шилтеме кылуу менен билдирди.


Улуу жазуучунун уулу Чыңгыз Айтматов мемориалдык комплексинин архитектуралык долбоорунун автору Улан Бейшеналиевдин айткандарына комментарий берди.


"Сиз түндүк көтөрүлүшү керек, жерге жатып калган деп көпчүлүк кайрылды дедиңиз. Комплекс ачылгандан бери өткөн сегиз жылдын ичинде мен эл өкүлдөрүнөн мындай талаптарды уга элекмин. Тундук жерге жатпай, бийиктиги жарым метрден кем эмес мрамор постаментте орнотулган. Түндүктү ыргытылган жок, көрдөн алынып, ротондага илип койдук деп дагы айтып жатасыз. Мына сиз ачык эле калп айтып жатасыз. Мүрзөдөн чыккан тундук комплекстин жанындагы жерге ыргытылган. Ал эми ротондада таптакыр башка түндүк илинип турат", - деп билдирген Аскар Айтматов.


Эске салсак, Буга чейин Ассоль Молдокматова белгисиз адамдар түндүктү алып жатышканын билдирген, ал эми Маданият министрлиги ремонт иштери үчүн алынганын айткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн