Бугу 13, 2024
Убакыт: 04:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Аскар Сыдыков: “Өкмөт салык төлөө жолдорун жөнөкөйлөтүү, бюрократияны кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүүсү шарт”

03.10.2023 13:55
1003
Аскар Сыдыков: “Өкмөт салык төлөө жолдорун жөнөкөйлөтүү, бюрократияны кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүүсү шарт”


Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.


- Аскар мырза, бүгүнкү салык саясатына кандай ойдосуң? Ишкерлер тарабынан кандай доо арыздар бар?


- Биздин ассоциацияга ишкерлер тарабынан салык саясаты боюнча көптөгөн доо арыздар келип түшүп турат. Алардын көбү салыктын жол-жоболору боюнча. Ошонун баарын өкмөткө, салык инспекциясына, экономика министрлигине жеткирип келебиз. Ошондуктан өкмөт сөзсүз түрдө салык төлөө жолдорун жөнөкөйлөтүү, бюрократияны кыскартуу боюнча иштерди жүргүзүүсү шарт. 


Биз эл аралык рейтингдерди карап көрсөк, ушул жаатта позицияларыбыз көп деле жакшы эмес жана жакшырбай келет. Бирок эртеңкиге үмүт чоң. Эгер  чечкиндүү чараларды көрүп, таза, иштин көзүн билген кадрларды алып келсек, эл аралык тажрыйбаларды эске алып, ошого жараша мыйзамдарды жөнөкөйлөтүп, ишкерлерге, бизнеске болушунча эркиндик берүү зарыл. 

Толгон токой кагаздар менен кезек күттүрбөй, ар кандай милдеттенмелерди койбой, эркиндик берсек, кичи-орто ишканалар чоң ишканаларга айланышына  мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби, элибиз ишкерликке жакын. Жаңы идеялар абдан көп. Биздин саясый географиялык позициябыз аябай ыңгайлуу. Суу ж.б. жаратылыш ресурстары, кендер кенен. Өнүгүүгө бизде толук мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн талыкпай иштешибиз зарыл. Баарыбыз билгендей, көп жакшы кадрларыбыз, акылдуу, билимдүү уул-кыздарыбыз сыртка чыгып кетип жатышат. Алар менен кошо капитал дагы агып кетүүдө. Ошолордун баарын топтоого ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз шарт. Анын баары белгилүү. Кыскасы, жеке менчик корголушу абзел. Муну көп эле айтып жүрөбүз, тилекке каршы, аткарылбай келет. Ошонун үстүнөн иштешибиз зарыл. Жеке менчик укуктар корголуп, мыйзам иштеши керек. 


Негизинен транзиттик учурдабыз. Ушундан өтүш керек. Саясый өнүгүү жагынан алдыдабыз, демек, экономикабыз да буюрса алдыга жылат деген ишеничтемин. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн