Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

"Стратегиялык көз караш жок": Аскар Сыдыков партиялардын программасын сынга алды

18.09.2020 12:44
1016
"Стратегиялык көз караш жок": Аскар Сыдыков партиялардын программасын сынга алды


Жогорку Кеңешке аттанган саясий партиялардын көпчүлүгүнүн программасында стратегиялык көз караш жок. Бул тууралуу Ишкерлердин эл аралык кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди. 


Анын айтымында, көпчүлүк партиялардын программалары жалпыланып гана жазылган.  


"Партиялардын программаларын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан деле табуу оңой эмес экен. Ал жөнөкөй жарандарга жеткиликтүү болмок турсун, интернет колдонуучуларга табуу татаал экен. Ошентсе дагы таап, таанышып чыктык.  


Көпчүлүк партиялардын программасында өлкөнүн ички дүң продукциясын көтөрөбүз, элдин жашоосун өнүктүрөбүз деген сыяктуу жалпылап жазылган убадалар камтылган экен. Бирок, алардын көпчүлүгүндө реалдуу ишке ашыра турган механизмдери жокко эсе. 


Бул маселелер боюнча программалар дүйнө жүзүндө эчак эле иштелип чыккан. Айыл чарба маселелери десек, Галландия менен Израилдин мисалын карасак болот, жогорку технологиялар боюнча Америка кошмо штаттарынын мисалын алсак болот. 


Саясий партиялардын көпчүлүгүндө изденүү,  стратегиялык көз караш жок", - деди А.Сыдыков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн