Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Аскарбек Жаныбеков БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун КРдагы өкүлү менен жолукту

11.02.2021 14:41
588
Аскарбек Жаныбеков БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун КРдагы өкүлү менен жолукту

2021-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Куреши Эднан жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Куреши Эднан Аскарбек Жаныбековду министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктап, бүгүнкү күндөгү министрлик менен ФАОнун кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

ФАОнун колдоосу менен агробизнести өнүктүрүү институционалдык потенциалды чыңдады (мыйзам базасы, ыкмаларды иштеп чыгуу ж.б.), фермерлердин потенциалы, азык-түлүк кайра иштетүү тармагынын адистери жана мамлекеттик кызматкерлер колдоо тапты.

ФАОнун өкүлү КМШ өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүдө атаандаштык артыкчылыгына ээ экендигине көңүл бурду, ошондой эле Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияга географиялык көрсөткүчтөрдү ыйгаруу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде министр структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу министрликтин түзүмү өзгөрүп, бул аймактардын өнүгүүсүнө шарт түзөрүн баса белгиледи. Министр ФАОго Айыл чарбасын санариптештирүү боюнча Улуттук жол картасын иштеп чыгууда министрликти колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда БУУнун ФАО менен биргеликте айыл чарбасынын маанилүү тармактарын камтыган, зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү, балык чарбасын өнүктүрүү, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, айыл чарба азык-түлүк коопсуздугу, балык жана токой чарбасы боюнча электрондук стратегияны иштеп чыгуу тууралуу маселелер талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн