Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган Эгембердиев Аскат Раимжанович өз ишине киришти. Бул маалыматты ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, анын дайындалышы тууралуу буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
А.Эгембердиев буга чейин ЖАМКтын төрагасынын биринчи орун басары болчу. Жаңы жетекчи 1968-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн, эки жогорку билимдин ээси. Бул кызматта 1996-жылдан бери эмгектенип келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн