Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Аскер Сакыбаева: Атамбаевдин камчысын чапкандар дагы деле ошондой иштеп жатышат

07.12.2020 15:06
865
Аскер Сакыбаева: Атамбаевдин камчысын чапкандар дагы деле ошондой иштеп жатышат
Саясый коррупция, Атамбаевдин желдети жана ишсиз калган журналисттер тууралуу

Алмазбек Атамбаевдин азыркы тагдыры суктанарлык эмес. Адам катары аяса болот.

А бирок анын абалы өзү жасаган иштерге гана байланыштуу экендигин моюнга алыш керек. Башкасын койдум, мен өзүм аралашып калган ишти айтайын. 2014-жылдан тарта А. Атамбаев жана Фарид Ниязов баштаган жан жөкөрлөрү "Вечерний Бишкек" медиахолдингинин ишине соттор аркылуу кийлигишип, мыйзамсыз чечимдерди чыгартып А. Рябушкинге тартып беришкен.


Убагында "ВБга" тиешелүү массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери ошол кездеги А. Атамбаев баштаган бийликке кайрылуу жазып, Атамбаевдин шопуру Икрам Илмиянов, мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев, администрация башчысы Фарид Ниязов бул ишке кийлигишип жатышат деп чырылдап, акыйкаттык издегенбиз. Фарид Ниязов "бул чарбалык иш, эч кандай тиешебиз жок" деп коомчулукту жоошуткан.


Бул эч кандай чарбалык иш эмес, нака саясый коррупциянын өзү эле. Себеби Атамбаевдер рейдерлик баскынчылык кылып алып берген А. Рябушкин ага чейинки өз алдынча соттук иштердин бардыгынан утулган. Анан эле кайра сотко берсе утуп калганы, демек буга бийлик кийлигишкенин гана далилдейт. Атамбаев 2015-жылы басма сөз жыйынында "Вечерний Бишкекке" жаңы команда келет деп айтканы бар. Ошондон кийин азыркы Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ОсОО "Рубикондун" финансылык директору болуп келген. А. Рябушкинди бетке кармап алышып, эмне иштерди жасаганын Б. Ажикеев унута электир.


2009-жылдан тарта "Агым", кийин кайра катталган соң "Жаңы Агым" гезити "ВБ" медиахолдингинин курамында болуп келген. Редакцияда жалпысы 20дай журналисттер, техникалык кызматкерлер иштеген. Тынчтык Алтымышев, (маркумдар Улан Эгизбаев, Келдибек Назиров, Зайырбек Ажыматов), Темирбек Алымбеков, Мелис Совет уулу, Кудрет Тайчабаров, Назгүл Калмамбетова, Анара Дүйшөналиева жана башка бир топ журналисттер иштеп келишкен.
Стабилдүү жакшы айлык, акчасы төлөнгөн эс алуу, бекер тиш доктурга дарылануу, бекер терапевтке дарылануу, эки жылда бир жолудан иштегендердин бардыгы милдеттүү медициналык кароодон өткөрүлүп, чыгармачылык менен иштөөгө түзүлгөн мыкты шарттар бар эле.


Ушулардын бардыгын Рябушкин менен Ажикеев жок кылышты, "Жаңы Агымды" жаап тынышты, журналисттер көрүнгөн жакка кетишти. Канча адамдар жумушсуз калып, канча деген үй-бүлөнүн турмушу өксүдү.
Имараттын ичиндеги стоматологиялык жабдууларды Ажикеев миң сомго саттырып жибергендиги, пенсионерлердин айлыгына кошумча берилчү каражаттарды да кыскартып салгандыгы да кийин белгилүү болду.
Ажикеев менен Рябушкинге эмне, рекламадан түшкөн каражаттар түшүп турса болду да, калган эл эмне болсо ошо болсун.


Атамбаевдин кылычын чаап келген Ажикеев азыркы бийликке да көлөкө түшүрүп, жаманатты кылып, анын атынан бир кездеги иштерин улантып жаткандыгына шек жок. Себеби Рябушкин "бийликке менин досторум келди" деп алакан ушалап жүргөнүн ошол эле "ВБда" иштегендер айтып жүрүшөт.


5-6-октябрдагы төңкөрүштө Бообек Ажикеев сыяктуулар бийликке келсин деп жаш жигиттер жарадар болгон эмес, жапжаш Үмүтбек өмүрүнөн ажыраган эмес.


Ал эми А. Атамбаев да бир кезде гүлдөп иштеп жаткан медиахолдингди мыйзамсыз басып бергени үчүн жооп бериши керек. Ал бул ишти түздөн-түз өзү эмес, жогоруда аты аталгандар аркылуу жасады. Бул саясый коррупция.
Дегеле Атамбаевдин доорунда журналисттер, редакциялар болуп көрбөгөндөй куугунтук көрүштү. "Вечерний Бишкек" медиахолдингин баскынчылык менен тартып берип анын курамындагы "Жаңы Агымда" иштеген 20дай адамдар жумушсуз калышкан, "Азаттык", "Заноза" редакцияларына эчен миллиондоп айып пулдар соттор аркылуу чегерилип, публицист Нарын Айыпка, укук коргоочу Чолпон Жакуповага да миллиондогон айыптар салынган.
Курманбек Бакиевдин доорунда журналисттер бычакталып, колу-буту байланып алтынчы кабаттан ыргытылып өлтүрүлсө, Атамбаев журналисттерди жалаң миллиондор менен муунтуп турган.


Атамбаевдин күйөрмандары "эми ал киши ансыз да түрмөдө жатат, тебелеп кереги не?" деши мүмкүн.
Так ошол Атамбаевдин камчысын чапкандар дагы деле ошондой иштеп жатышат. Акыйкаттык орной элек. "Өрткө камыш койгондой өткөн иштин аты бар". Ал жасаган иштер азыр да тоскоолдук кылып жатса, качан да болсо айта беребиз.


Ал эми азыркы бийлик да өткөн иштерден сабак алышы керек. Сабак албаса, анын да өмүрү кыска болуп калышы мүмкүн.

Аскер Сакыбаева

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Сабак албайт булар еч качан Шайлоодон сон жыргап кетем дебегиле.