Баткендеги Миң-Өрүк айылына жакын чек арада жаракат алган 8 жаштагы бала ооруканада. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 7-август күнү кечки саат 19:00 чамасында катталган.
Анда "Миң-Булак" чек ара тозотунун нөөмөттөгү жоокери Ж.у.К. "Миң-Өрүк" убактылуу чек ара өтмөгүнүн аймагында турганда анын жанына үч бала келген. Жоокер алаксый түшкөндө анын куралы менен 2013-жылы туулган С.Б. аттуу бала кокустан ок чыгарып алат. Натыйжада 2014-жылы туулган С.А.К жаракат алганы айтылат. Алган жаракатынан улам бала облустук ооруканага келип түшкөн.
Бул факты боюнча Баткен ОИИБинде маалыматтардын журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Мындан тышкары Баткен гарнизонунун
Аскер прокуратурасы тарабынан жоокер Ж.у.К.нын аракеттерине карата текшерүү жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн