Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 00:21:29
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Аскер бөлүктөрүндө, блокпосттордо кырдаал туруктуу, - Райимберди Дүйшөнбиев

23.04.2020 08:46
1077
Аскер бөлүктөрүндө, блокпосттордо кырдаал туруктуу, - Райимберди Дүйшөнбиев


Бүгүнкү күндө аскер бөлүктөрүндө, бөлүмчөлөрдө, блокпосттордо кырдаал туруктуу, деп билдирди Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учурда.

Анын айтымында, кырдаал туруктуу, жеринде болгон кемчиликтер ыкчам четтетилип жатат.

Ошондой эле ал инфекция менен күрөшүүдө Куралдуу күчтөрдүн ички иштер органдары, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу жана башка тартылган мамлекеттик органдар менен өз ара ыкчам аракеттешүүсү боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардагы блокпостторго тартылган бардык аскер кызматчылары зарыл болгон жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн