Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аскер институтунда каза болгон жоокердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды

Аскер институтунда каза болгон жоокердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды

Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон Сыргак Сабырбеков аттуу жоокердин өлүмү боюнча аталган аскер бөлүгүндөгү кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.


"Аталган факты боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Аскер институтунун мөөнөттүү аскер кызматчысы катардагы жоокер С.С.нын өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.


Анда Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 2-бөлүгүндө (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) жана 394-беренесинин 2-бөлүгүндө (Күзөт кызматын өтөө эрежелерин бузуу) каралган кылмыштарды жасоого шектелип, Аскер институтунун кароолунун башчысы прапорщик А.К. Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына жайгаштырылды. Учурда тергөө иштери уланууда" ,- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматкери.


Эске салсак, 18-августта саат 22:10 чамасында Аскер институтунун окуу процессин камсыздоо батальонунда кызмат өтөгөн 2003-жылы туулган катардагы жоокер С.С. кароолдо турганда өзүн-өзү атып алгандыгын Коргоо министрлигинен билдирген. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан.


Айрым маалымат каражаттары жоокердин жакындарына таянып ок чекесине тийгендигин жазып чыкты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн