Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аскер кызматкери куралды этиятсыз колдонуудан башына жаракат алды

23.10.2022 08:48
341
Аскер кызматкери куралды этиятсыз колдонуудан башына жаракат алды

Чалдыбар-унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пунктунун келишимдик аскер кызматкери 2001-жылы туулган Ж.А. башынан ок тийип, жаракат алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгон.


Аскер кызматкери Кара-Балта шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген.


"Анын ден соолугу оор деп бааланып, комада жатат. Бул факты боюнча тиешелүү түзүмдөр кабарланды. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү иштеп жатат", -деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн