1-августтан тарта аскер кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Оморов билдирди.
Анын айтымында, офицердик курамдын айлык акылыра 50%га, ал эми сержанттык курамдын айлык акылары 30 %га көбөйгөн.
“2018-жылы сержанттык курамдын айлык акылары 30 пайыз көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, офицердик курамдын айлык акыларын 50 пайызга, ал эми сержанттфк курамдыкын 30%га көтөрүү чечими кабыл алынган. Мисал келтире кетсем, буга чейин взводдун командири 7 миң 600 сом алса, учурда ал 12 миң сом алат. Ошондой эле бригаданын командири буга чейин 9 миң алып келсе, ал 14 миң сом алат”, - деп түшүндүрдү ал.
Ал кошумчалагандай аскер кызматкерлери сентябрдын аягында көтөрүлгөн айлык акыларын алышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн