Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паёгунун ченеми жогорулатылды

24.02.2021 10:10
542
Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паёгунун ченеми жогорулатылды

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин, мыйзам аркылуу аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекетик органдарындагы жана башка аскер түзүмдөрүндөгү аскер кызматкерлеринин тамактандыруусун уюштурууну жакшыртуу жана тартипке келтирүү максатында, «Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.


Кабыл алынган чечимге жараша паектун бардык түрү жогорулатылган, анын ичинде жалпы аскердик паек, дарылануу паегу, жалпы аскердик кургак паек, бийик тоодогу кургак паек, түнкү паек жана учкучтук паек жогорулатылды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, аскерлердин рационуна колбаса азыктары, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тийиштүү токтому үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн