Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Аскер комиссариатынын офицери пара алып жаткан жеринен кармалды

14.05.2024 17:30
214
Аскер комиссариатынын офицери пара алып жаткан жеринен кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аскер прокуратурасы менен биргеликте пара алып жаткан жеринен аскер комиссариатынын офицери А.Р. аттуу жаранды кармады.

Атайын кызматтан белгилешкендей, шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-майында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгиси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Аталган жарандын кызмат өтөгөн жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында акча каражаттары жана аскерге милдеттүүлөр үчүн колдонулган гербдүү мөөр басылган бош бланктар табылды.

Кармалган офицер тергөө жүрүп жаткан мезгилде тергөө абагына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн