Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 10:52
USD
86.70
87.20
EUR
99.40
100.40
RUB
1.050
1.095

Аскер прокуратурасы «Апрель ТВ» боюнча кайрадан арызданды

05.02.2021 18:36
715
Аскер прокуратурасы «Апрель ТВ» боюнча кайрадан арызданды

Аскер прокуратурасы «Апрель ТВ» телеканалынын эфирге кайрадан чыгышына уруксат берген сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданды. Бул тууралуу маалымат 5-февралда телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.


Маалым болгондой, бул арыз карала турган жарандык процесс боюнча соттук отурум 25-февралга белгиленди.


Белгилей кетсек, былтыр 29-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын «Санарип технологиялар» жана «Апрель ТВ» жоопкерчилиги чектелген коомдоруна каршы экономикалык доосун карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Райондук соттун бул чечими менен «Апрель ТВ» кайрадан эфирге чыгууга расмий түрдө уруксат алганы кабарланган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн