Кой-Таштагы аскер бөлүктө өзүн атып алды делген жоокердин окуясына Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган факты каттоого алынган.
"Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда кызмат кылган аскер адамдары суралууда. Дагы да маалымат берилет", - дешти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, кечээ, 4-июлда түнкү саат 02:00 чамасында анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан 2000-жылы туулган Ж.Э. аттуу аскер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан. Жоокер жаракат алган жеринен көз жумган.
Пикирлер (1)