Аскер прокуратурасы Ош облусунда чукул конгон тик учак боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 24.kg өз булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, сотко чейинки процесстер КР Кылмыш-жаза кодексинин "Учуу эрежелерин бузуу" беренеси боюнча жүргүзүлүп жатат.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жабыркаган үч адам Ош облустук бириккен ооруканасынан Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулган. Дагы бири Улуттук госпиталда. Калгандары аскердик госпиталда дарыланып жатышат. Баарынын абалы туруктуу", - деп айтылат редакциянын маалыматында.
Эске салсак, 4-июнда Ош облусунда Ми-8 МТ тик учагы авариялык конууга аргасыз болгон. Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 14 адам жаракат алган. Алардын бардыгы ар кандай жаракаттар менен ооруканаларга жеткирилген.
Белгилей кетсек, Ош облусунун тоолорунда кулаган тик учак Россия менен эки тараптуу кызматташтыктын алкагында берилген. 1987-жылы чыгарылган учактын иштөө мөөнөтү бүткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн