Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы чакырылган жоокердин октон жарадар болуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
6-июнь күнү 73809 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында октон жаракат алган. Бул факты боюнча капитан камакка алынган. Ал үй камагына бошотулган.
Аскер прокуратурасы жоокердин кокустан жаракат алганын текшерүү үчүн териштрүү жүргүзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн