Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аскер прокуратурасы жоокерлердин өлүмүнүн алдын алуу чараларын жүргүзүүдө

07.09.2022 13:33
387
Аскер прокуратурасы жоокерлердин өлүмүнүн алдын алуу чараларын жүргүзүүдө

Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин өз өмүрүнө кол салуу фактыларын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамына профилактикалык багытта жекече жана коллективдүү аңгемелешүү менен аскердик тартипти сактоого, күжүрмөн даярдыкты камсыз кылууга, аскер кызматчылары арасында өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузбоого, бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетпөөгө, дезертирдик жана өзүнө-өзү кол салуу фактыларын жоюуга байланыштуу иш-чараларды жүргүздү.


Аталган маселелерди алдын алуу Аскер прокуратурасынын көзөмөлдүк ишинин эң негизги багыттарынын бири болуп саналып, ага өзгөчө көңүл бурулууда.


Ал эми аскердик башкаруу органдарында жана аскердик мекемелерде кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттери байкалган учурда төмөндөгү телефондорго кайрылууга болот:


- Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы – 0 (312) 62-47-39;


- Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (312) 56-01-03


- Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3222) 4-25-74;


- Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3944) 3-28-03;


- Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3622) 5-12-14;


- Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3722) 2-03-44


Белгилей кетсек, иш-чара КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлүнүн, Кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун, “Жоокерлердин энелери” республикалык комитетинин, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн