Ушул жылдын 28-29-30-апрели жана 1-майы тарых барактарында Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу аскердик кол салуусу болгон күндөр катары сакталып кала турган болду. Коңшу өлкөнүн согуштук агрессиясынын натыйжасында Кыргызстандын 36 жараны каза болду, жүздөн ашууну түрдүү жаракат алды, миңдеген жарандары жашап жаткан үйлөрүн таштап качканга аргасыз болду. Жүздөн ашуун турак үйлөрү, мектеп, балдар бакчаларынын имараттары, дүкөндөр, май куюучу жайлар өрттөлдү.
Кыргызстандын территориясына аскердик кол салуусу менен Тажикстан кандай эл аралык милдеттенмелерди бузду?
Тажикстандын төрт күнгө созулган кол салуусун агрессия жана бир мамлекеттин экинчи мамлекетке аскердик чабуулу деп эсептөөгө болот. Мунун баары 1949-жылы жазылган эл аралык куралдуу конфликттердин жабыркоочуларын коргоого багытталган Женева конвенциясынын кошумча протоколунда көргөзүлгөн.
Мындан сырткары, БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 1974-жылдын 14-декабрында кабыл алынган резолюциясында «Агрессия – бул мамлекет тарабынан башка мамлекеттин суверендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз карандысыздыгына каршы куралдуу күч пайдалануу» деп жазылган. Ошол эле резолюциянын 3-беренесинде «Мамлекеттин куралдуу күчүнүн башка мамлекеттин территориясына кирүүсү же чабуулу, же бардык аскердик оккупация, башка мамлекеттин территориясын бомбалоо, кандай гана болбосун куралдуу колдонуусу, кургактан, деңизден же абадан кол салуусу согуш жарыяланганы же жарыяланбаганынан көз каранды болбой, жобонун 2-беренесине ылайык агрессия актысы катары саналат» деп айтылат.
Кыргызстандын Арка-1 айылын Тажикстандын аскердик оккупацияга алышы эл аралык куралдуу конфликт менен бирдей саналат. Буга Женева конвенциясынын нормалары, Гаага жоболору жана башка документтер менен караса болот. Эки тараптын тең аракеттерин Эл аралык гуманитардык укук призмасы аркылуу караш керек. Бул конвенцияларга эки тарап тең кол койгон. Ал нормаларды олуттуу бузуу аскердик кылмыш болуп саналат. Өзгөчө кыргыз айылын оккупацияга алуу ачык аскердик кылмышка жатат.
Ошондой эле басып алуу, тынчтык обьектилерин өрттөө жана Кыргызстандын жашоочуларын атуу – бул аскердик кылмыш. Тажикстандын бийлиги «Биз Кыргызстандын тынчтык обьектилерин басып алууга буйрук берген эмеспиз, аскерлер өздөрү ошондой аракетке барышты» деген күндө дагы, өздөрүнүн аскер кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдалангандыгы үчүн мамлекет жоопкерчилик тартат.
Кыргызстандын тынчтыкта жашап жаткан калкына каршы күч колдонуусу менен Тажикстан өзүнүн бир катар эл аралык милдеттенмелерин бузду. 2021-жылдын 29-30-апрелинде эки тараптын бийлик өкүлдөрү жолугушуп, тынчтык келишимине жетишишкени менен Тажикстандын даярдалган куралдуу күчү Кыргызстандын оккупацияланган территориясынан чыкпай туруп алды. Алардан кооптонгон кыргызстандыктар өздөрүнүн үйлөрүнө келе албай жатты. Кыргызстан менен Тажикстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчөсү. Бул уюм анын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздашы керек. Андагы келишим боюнча ынак коңшулук кызматташтык болушу керек. Муну да Тажикстан бузду.
Тажикстан БУУнун да мүчөсү. Демек, анын принциптерин да бекем сакташы керек эле. Мисалы, суверендүү теңчиликти сыйлоо, милдеттерин ак көңүлдөн аткаруу жана эл аралык мамиледе башка мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнө, же саясий көз карандысыздыгына күч колдонуудан оолак болушу шарт болчу. Мунун баары БУУнун Уставынын 2-беренесинде жазылып турат. Ошентип Тажикстан өзүнүн согуштук аракеттери менен БУУнун принциптерин бузду. Эл аралык гуманитардык укуктун негизги нормаларын да бузду. Гаага конвенциясынын 1977-жылы кабыл алынган кошумча протоколунда көрсөтүлгөн норманы бузду.
Мындан сырткары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2004-жылдын 26-майында кол коюлган ынак коңшулук жана өнөктөштүк боюнча Эки тараптуу келишимин да бузду. Узак убакыттан бери достук мамиледе болуп келген коңшусуна кол салды.
Ошентип Тажикстан БУУнун Уставын, БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясын, эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын жана КМШ, ЖККУ, ШКУ регионалдык келишимдерди жана эки тараптуу кызматташуу жана тынчтык келишимин бузду.
Эми эмне кылуу керек? Албетте, Тажикстан өзүнүн жасаган агрессиясы үчүн жооп бериши керек. Биринчи кезекте, коңшу өлкөнүн аскердик кылмыштарын эл аралык комиссия түзүү жолу менен фактыларды чогултуп, аныкташ керек. Ал үчүн фактыларды бекитүүчү Эл аралык Комиссияга кайрылуу зарыл. Бул комиссия 1991-жылы расмий түзүлүп, туруктуу орган болуп саналат. Анын башкы максаты эл аралык гуманитардык укуктун бузулушу тууралуу арыздарды иликтөө.
Эл аралык Комиссияга жеке жактар кайрыла албайт, ал үчүн Кыргызстандын өкмөтү кайрылуусу зарыл.
Мындан сырткары БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешине кайрылууга болот. БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Тажикстандын Кыргызстанга кол салганы боюнча маселени БУУнун Генералдык Ассамиблеясында жана Коопсуздук Кеңешинде агрессия актысы катары тануу үчүн жана Тажикстанга санкцияларды колдонуу үчүн маселе көтөрө алат. Ошондой эле ШКУ, КМШ жана башкаларга кайрыла алат.
Мындан тышкары БУУнун Эл аралык сотуна кайрылууга мүмкүн.
Эл аралык Комиссия аскердик кылмыштын фактыларын иликтеп, аныктагандан кийин Кыргызстан тарап тарткан зыянды Тажикстандан талап кылууга болот.
Дагы бир жол – Кыргызстан Эл аралык кылмыш Сотуна кайрыла алат. Ага мамлекет дагы, катардагы кыргызстандык да кайрылууга мүмкүн. Демек, өз укугубузду коргоо, коопсуздугубузду бекемдөө, тарткан зыяныбыздын ордун толтуруу жана мындай аракеттин экинчи кайталанбашын камсыздоо багытында иш-аракеттер кечиктирилбестен башталышы маанилүү.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн