Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн айрым учурда 14 айга чейин узартуу сунушталды

07.10.2022 14:47
374
Аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн айрым учурда 14 айга чейин узартуу сунушталды


Коргоо министрлиги аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн айрым учурда 14 айга чейин узартууну сунуштап жатат. Аталган мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкууга коюлду.


Учурда Кыргызстанда аскерге чакырылгандар 12 айдан кийин үйүнө кайтат.

Сунушталган долбоордо эгер УКМК, Чек ара кызматы, Ички иштер же Өзгөчө кырдаалдар министрликтери сыяктуу мамлекеттик органдар демилгелесе, кызмат өтөөгө чакырылган жоокер эки айга чейин кармалып калышы мүмкүн. Башкача айтканда, муктаждык жаралган учурда 14 айга чейин алып калууга укук берилет.

Коргоо министрлиги мурдагы чакырылган аскерлер кетип, жаңылары тийиштүү тажрыйба топтогонго чейинки аралыкта Куралдуу күчтөрдүн жалпы күжүрмөн даярдыгы алсызыраак болуп каларын айтууда. Андан улам дал ошол айларда армиянын катарында тажрыйбалуу жоокерлерди кармап туруу керек деп эсептешкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн