Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү узарат

07.06.2023 13:57
370
Аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү узарат


Жогорку Кеңеш аскердик кызмат өтөөнү 12ден 14 айга жана аскердик келишимдин мөөнөтүн 5тен 10 жылга узартуу мыйзам долбоорун кабыл алды.
Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Аталган демилгени министрлер кабинети көтөргөн. Коргоо министрлиги муктаждык жаралган учурда аскерди 14 айга чейин алып калууга укук берүүнү сураган. Себебин биринчи чакырылыштагылар кетип, кийинкиси толукталып, даярдалганга чейин көп убакыт кетип калары менен байланыштырган.


Ал эми дефициттеги адистерди кармап туруу үчүн келишимдин мөөнөтүн узартуу сунушталган.


"Учурда аскердик окуу жайды бүтүп келгенден кийин беш жылга келишим түзүлөт. Андан кийин ыктыярдуу түрдө үч жылга улантса болот. Бизге керектүү адистер ошол келишимин узартпай туруп кетип калган учурлар болуп жатат. Ошого байланыштуу 10 жылга милдеттүү түрдө келишим түзүүнү сунуштап жатабыз. Жаш кадрлар бизде токтобой кетип калууда", — деп айткан коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн