Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Аскердик кызматта бекем болгонум менен үйдө ийкемдүү келинге айланам, - майор Т.Асанбаева

18.03.2021 16:39
460
Аскердик кызматта бекем болгонум менен үйдө ийкемдүү келинге айланам, - майор Т.Асанбаева


ИИМдин Ички аскерлеринин Дарылоо-алдын алуу борборунун башчысы, майор Акжолтоева Токтобүбү Асанбаев жан дүйнө сырлары менен бөлүштү. 


- Токтобүбү айым, сиз үчүн жаз, көктөм, майрамдын мааниси канчалык?


- Жаз мен үчүн жаңылануу, алдыга жаңы пландарды коюу жана бардык нерсе кайрадан жаралып жаткандай сезилет. Көктөм учуру Нооруз майрамына туш келет. Бул майрамдын өзү жаңылануу дегенди билдирет эмеспи. Мен жаздан көп жакшы, жаңы нерселерди күтөм, сезимдерим серпилип, жан дүйнөм өзгөчө бир эргүүгө туш болот. Арабызда көпчүлүк аялзаты күнүмдүк жашоонун түйшүгүн артынып, көйгөйдү чечүүнүн артында жүрүп, көңүл буруусуз калат. Бир гана жаздын ушул күнү - 8-мартта кандай гана аялзаты болбосун, көңүл борборунда болуп, жылуу-каалоо тилектерге балкышат.


- Жан дүйнөңүздөгү сагыныч, арзуу, кусалык, сүйүнүч сезимдерин ким менен бөлүшөсүз?


- Аял деген сөз жөнөкөй гана үч тамгадан турганы менен, анын ичинде көптөгөн сырлар, арман, кусалык, сүйүү жашайт.  Назик аялзаты табиятынан күчтүү жаралыптыр. Бул оор нерселердин баарын ийнине көтөрүп келет экен. Кээ бир аялдар эмоциясын жаш, сөз менен сыртка чыгарып алышат, менде андай нерсе жок. Мага окшогон аялзаты абдан көп, алар баарын ичине сактап, сабырдуулук менен убакытты күтүшөт. Мезгилдин өтүшү менен ал көйгөйлөр да чечилет.


- Көөдөндөгү боштукту кантип толтурасыз?


- Мен андай учурда өзүм жакшы көргөн дарылоо иши менен алектенем. Бирөөгө жардам бергенди жактырам, көйгөйлөрүн чечкенге көмөктөшөм. Жашоомдо китеп окугум келген учурлар болот, анда бир гана медициналык эмес, көркөм китеп окуганга аракет кылам. Мына ушул учурлардан кийин көөдөндөгү боштук толуп калгандай сезилет.


- Алдыга койгон максат-мүдөөлөрүңүздү ишке ашыра алдыңызды?


- Толук ашыра элекмин, ошол эле үй-бүлөдө, кызматымда алдыга койгон пландарым бар. Аларды жүзөгө ашыруу үстүнөн эмгектенип келем.


- Жашоодо жалаң эркектердин дарыгер-хирург экендиктерин билебиз. Аялзаты болсоңуз да, сиз дарыгер-хирург экенсиз. Тандооңузга эмне себеп болгон?


- 4-курска чейин невропатолог же хирург болом деп жүрдүм. Клиникаларда практикадан өтүп жүрүп, көп нерсеге көзүм каныкты. Мисалы, терапевт бейтаптарды узакка дарылайт, жыйынтыгы көптө билинет. А мен болсо жасаган ишимдин жыйынтыгын бат көргүм келди. Аялдардан эң биринчи хирург К.Рыскулова эжекебиз болгон. Ал эженин окуучулары менин агайларым-окутуучуларым болуп калды, алардан көптөгөн сабактарды алдым.


- Жашоодо аялдык бакыт сиз үчүн канчалык маанилүү? Ал үчүн кандай курмандыктарга барат элеңиз?


- Туура айтасыз, жашоодо аялдык бакыт абдан маанилүү. Үйүндө бактылуу аялзаты жумушун толук кандуу алып кете алат, андай эмес учурда, бирде болбосо, бирде сынып калышың мүмкүн. Жаш кезинде аялдык бактысын тапкан адам, карыган кезде анын үзүрүн көрөт. Мен өзүм хирургиянын артынан жүрүп, турмушка кеч чыктым. Азыр Кудайга шүгүр, 3 балам, камкор жолдошум, апамдай болгон кайненем, ата-энем, бир туугандарым бар, мен бактылуу аялзатымын. Алардын колдоосу күчтүү үчүн, кызматымды үй-бүлөм менен катар алып келе жатам. Бирок, аялдык бакыт үчүн мен курмандыкка бармак эмесмин.


- Эне менен баланын жаны бир дейт. Балдарыңызга кандай энесиз?


- Эми муну балдарым чоңоюп эле айтпаса, азыр айта албайм. Кызматыма байланыштуу мектептеги чогулуштарына, майрамдарына катыша албайм, апам (кайненем) дайым өзү барып катышат. Бирок, колумдан келишинче энелик мээримимди төгүп, көңүл буруп келем.


- Ар бир аялзаты өзүнүн айымдык сапатын жоготуп албаш үчүн, бир хобби менен алектениш керек дешет. Ал бизди ойлорубузду ирээттегенге жардам берет экен. Сиздин оюңуз?


- Албетте, бул айтылганга кошулам. Буга чейин хоббилерим көп эле болчу. Китеп окучумун, ыр да жазып жиберчүмүн. Учурда убактымдын көпчүлүгү кызматымда өтөт, бош убактымды үй-бүлөмө арнап, балдарымдын жакшы көргөн тамагын жасап бергенге аракеттенем. Андыктан, хоббиге бош убактым калбай калды…


- Токтобүбү айым, форма кийип эркектер менен үзөңгүлөш жүрүп, аялзатына тиешелүү кайсыл сапатты жоготтуңуз, кайсыл сапатка ээ болдуңуз?


- Башка жерде эркектер арасында жүрсөң, «мен аялмын» деп сүйлөбөй турушуң мүмкүн. Бирок, аскердик кызматта өз позицияңда бекем болуу, чечкиндүүлүк, тактык, адилеттүүлүк талап кылынат. Бирок, аялзатына тиешелүү сапаттарымды жоготкон жокмун, кызматымда чечкиндүү, шар жүрсөм, үйдө мээримдүү эне, сүйүктүү, назик жарга, ийкемдүү келинге айланам.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн