Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аскердик кызматтарга чакыруу токтотулду

06.04.2020 17:29
898
Аскердик кызматтарга чакыруу токтотулду


Запаска бошотуу жана жазгы мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков «КР Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март–майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» жарлыгынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу жана Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын катарында инфекциялык ооруулардын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынган.

Өкмөткө өз чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүүсү сунушталат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн