Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 02:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Аскердик-техникалык жааттагы кыргыз-казак кызматташтыгы талкууланды

03.03.2021 19:17
667
Аскердик-техникалык жааттагы кыргыз-казак кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 3-мартта КР президенти - Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий визитинин алкагында, КР коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев жолугушту. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө региондогу аскердик-саясий кырдаал, аскердик-техникалык жааттагы кыргыз-казак кызматташтыгын азыркы абалы жана келечеги туурасында ой бөлүшүп, кызматташтыкты чыңдоо боюнча алдыдагы кадамдар туурасында макулдашты. Ошондой эле, кошуундардын күжүрмөн даядыгы, аскердик кадрларды даярдоо, атайын багыттагы күчтөрдүн биргелешкен эки тараптуу машыгуусу болгон “Аныракай” боюнча, эл аралык аскердик оюндарга катышуу ж.б. маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун башчылары аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө өкүмөттөр аралык макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Коргоо министрликтеринин 2021-ж. кызматашуу Планына кол коюшту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн