Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:13
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аскерлер эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө (фото)

27.04.2020 14:12
1571
Аскерлер эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө (фото)


Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер коопсуздук кызматынын аскер кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, деп билдирди ИИМ басма сөз кызматы.

 

Республиканын бир катар региондоруна жана Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизилгенден баштап Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы бир топ комплекстүү алдын алуу иш-чараларын өткөрүшүүдө. Жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө кам көрүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.


Учурда ички иштер органдарынын башка кызматтары менен биргеликте ички коопсуздук аскер кызматынын аскер кызматчылары Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн