2021-жылдын аягына чейин мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардан текшерүү болбошу керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна караганда өткөн жумада 2-3 айга антикризистик план бекитилген.
“Салык деклорациясы 1 жылга узартылды. 2021-жылдын аягына чейин мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардан текшерүү болбош керек”, - деди Асрандиев.
Ошондой эле, салык кызматкерлеринин көчмө текшерүүлөрү да болбой турганын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн