Кыргызстандын бюджети 2020-жылы 28 миллиард жоготуу тартат муну толуктоо үчүн гранттык негизде каражаттар алынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна караганда бул каражаттардан ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет.
“Бизнеске жардам берүү маселесин иштеп жатабыз. Учурда эки булак бар – РКӨФ жана биздин эл аралык донорлорубуз. $150 млн чейин каражаттарды көрсөтүү жөнүндө Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул каражаттардын 50%ы гранттык негизде берилет. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк жана Ислам Өнүктүрүү Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, - деди вице-премьер-министри.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн