Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:29
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Асрандиев премьер, Жылкыбаев биринчи вице-премьер-министр болобу?

15.06.2020 22:01
1559
Асрандиев премьер, Жылкыбаев биринчи вице-премьер-министр болобу?


Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 15-июнда кечке маал жалпы элге кайрылуу жолдоп, анда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди. Учурда өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жаткан бир катар инсандардын ысымдары айтылууда.


Бизге жеткен маалыматтарга караганда премьер-министрлик кызматка учурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиев келет. Ал эми биринчи вице-премьер-министрлик орунга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин талапкерлиги тандалган.


Ошол эле учурда бийликтеги таасирдүү топтор ортосунда бул боюнча бирдиктүү пикир жок экени маалымдалууда. Алардын бир тобу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду түртүп жатса, башкалары Узарбек Жылкыбаевди премьер-министр кылууга далбастап жатканы кабарланууда. Эгер Асрандиев министрлер кабинетин жетектей турган болсо Жылкыбаев анын биринчи орун басары болот. Муну менен учурдагы өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетет.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Асылбек
Улукбек Кочкоров татыктуу инсан жана чечет чек араларды
Сапар
Адахан Мадумаровду примьер министр кылса жакшы болор эле
Апаз
Улукбек кочкоров татыктуу бул кызматка