Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары 420 миң сомду мыйзамсыз пайдаланган

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары 420 миң сомду мыйзамсыз пайдаланган

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары 420 миң сомду мыйзамсыз чыгыштап жиберген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Нарын областынын Ат-Башы райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузуу фактысы аныкталды.


Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары 420 миң сом акча каражатын мыйзамсыз чыгыштап жиберишкендиги такталган.


Райондук прокуратура тарабынан тийиштүү кызмат адамдарына карата прокурордук чара көрүлүп, анын жыйынтыгында жергиликтүү бюджетке келтирилген зыян толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн