Ат-Башы районунда бала бакчанын курулушунда мамлекетке 21 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Нарын областтык прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө, Нарын областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылына бала бакча курууда жана Кара-Булуң айылынын таза-суу системасынын реабилитациялоо менен курулуш иштерин жүргүзүүдө өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшбөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 21 млн. 801 тыс. 901 сомдук зыян келтирилген.
Аталган фактылар боюнча областтык прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен 2 кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн