Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:00
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

04.05.2023 10:58
566
Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын облусунун Ат-Башы районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2-майдан тарта Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Малчылардын короосунда 867 уй, 1400 кой бар. Учурда малчылардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган.


ӨКМден ыкчам топ тартылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте малчыларга 680 түк чөп жеткирилди. Учурда жол каттамы ачык.


Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Ат-Башы райондук акиминин бйругу менен 3-майдан тартып райондун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими убактылуу киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн