Ат-Башы районунда Көл-Суунун (Көл-Тетири) кооз жээгинде «Көл-Суу керемети» аттуу уникалдуу фестиваль өттү.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, фестиваль көптөгөн конокторду – жергиликтүү тургундарды да, Казакстан, Россия жана Европа өлкөлөрүнөн келген туристтерди да тартты.
Экологиялык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Көл-Суу көлүнүн экосистемасын коргоо үчүн буга чейин зыярат кылуунун жаңы эрежелери киргизилген – уюшкан топтор жана милдеттүү коштоо менен гана.
Фестивалдын программасынын кульминациясы – бүркүт салуу жана шумкар менен аңчылык көрсөтүү, тайган салуу жана жаа атуу болду. Аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар дагы кызыктуу болду. Абанын температурасы минус отуз градус болуп турса да, фестивалдын катышуучуларына жана конокторуна суук кыйынчылык жараткан жок. Алар музыкалык номерлер жана муз бийи менен коштолгон жандуу концертти, манасчынын аткаруусун жана кулинардык экскурсияны жогору баалашты, фестивалдын коноктору кыргыз ашканасынын даамдарынан даам татышты.
Бул фестиваль биринчи жолу өттү, бирок уюштуруучулар - Ат-Башы райондук администрациясы жана Ат-Башы дестинациясы аны жыл сайын өткөрүүнү пландаштырууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн